SerepTV Logo

УКМК Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун кармалганын тастыктады

УКМК Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун кармалганын тастыктады
Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты. Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Такталгандай, Нурбек Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзити" жана башкаларды уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган. Ал пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен, атап айтканда, болжол менен 4,5 миллион долларга бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 миллион долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырылган. Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгү «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Нурбек Айтмаматовго таандык болгон. Кечээ, 10-июнда бажы кызматкери Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
edita