"60 миллиард сом сыртка мыйзамсыз чыгарылган". Финполдун жетекчилеринин бири кармалды
Коррупция фактысы боюнча Финполдун башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
1-мартта УКМК тарабынан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кармалган.
Маалыматка караганда, Финполдун кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алышып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.
Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин өлкөдөн 59,5 миллиард сом сыртка чыгарылып, ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон.
Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.
"Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.