SerepTV Logo

УКМК тарабынан кармалган Бишкектин вице-мэри камакта калтырылды

УКМК тарабынан кармалган Бишкектин вице-мэри камакта калтырылды
Бишкектин вице-мэри Азат Узаков камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. "Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 19-февралындагы токтомуна ылайык, Азат Узаковго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 18-апрель күнүнө чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп айтылат маалыматта.