SerepTV Logo

УКМК тарабынан Кара-Көл ШИИБдин башчысы кармалды

УКМК тарабынан Кара-Көл ШИИБдин башчысы кармалды
4-мартта УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев кармалды. "Сотко чейинки өндүрүш иши кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысына байланыштуу",- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы. Нусубалиев Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган Тойота Лэнд-Крузер 200 (2019-жылы чыгарылган) унаасын 2020-жылдын декабрь айында кызыкдар тарапка берип койгон. Бул унаанын каттоо документтери жасалма болчу. Шектүү Жалал-Абадда камакта.
edita