Депутат Асылбек Жээнбеков УКМК тарабынан кармалды
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси «Кумтөр» компаниясы боюнча козголгон кылмыш иштин күбөсү катары суракка чакыртылган. Депутат Асылбек Жээнбековдун "коррупция" беренеси боюнча шектелип жатканы айтылууда.