УКМК: Тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү иштерине бөгөт коюлду
УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, "Ак-Тилек-унажолу" чек ара пунктунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, ичинде жалпы суммасы 4 миллион даана 200 куту даяр тамеки буюмдары болгон «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.
Учурда Салык кызматынын адистеринин биргелиги менен ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="224176,224177,224178"]