УКМК: "Таластагы театрга алынган музыкалык аппаратуралардын баасы атайын кымбаттатылган"
Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына музыкалык аппаратураларды сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Талас облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык аппаратуралар кымбат баада алынганы аныкталды.
Такталгандай, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына жеке компаниялардан 25 миллион сомго музыкалык аппаратураларды сатып алган. Алар драма театрдын, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан кабыл алуу актысы менен кабыл алынган.
Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда сатылып алынган музыкалык аппаратуралардын баасы 10 миллион сомдон ашык акчага кымбаттатылганы аныкталды.
Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери улантууда.