УКМК: "Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатат"
Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды таратуу) менен кылмышка шектүү кармалды. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. Буга чейин журналисттин кармалганын анын жубайы билдирген болчу.