УКМК: "Ош шаардык ЖЭБде коррупциялык схема аныкталды"
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Ош шаардык Жылуулук электр борборунда коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилеринин мыйзамсыз байланыштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шарынын Жылуулук электр борборунун жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, тактап айтканда жеке менчик мончолор, спорт залдар, медициналык клиникалар, ошондой эле көп кабаттуу турак жайларды жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузуу менен капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албастан, Ош шаарындагы ири соода объектилерин ЖЭБге мыйзамсыз байланыштырышкан.
Ош шаарындагы ЖЭБдин жетекчилиги тарабынан ушул коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
"УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого, ошондой эле Ош шаарындагы ЖЭБдин ишинде ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып жатат",- деп айтылат маалыматта.