SerepTV Logo

"Ош-Нуру" мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды

"Ош-Нуру" мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды
УКМК Ош шаарындагы "Ош-Нуру" мейманкана комплексин мамлекеттин балансына кайтарды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча "Ош-Нуру" мейманкана комплексин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин Ош шаардык балансына өткөрүп берди. Аталган мейманкананын болжолдуу баасы 18 миллион АКШ долларынан ашат. Мындан тышкары, комплекстин 0,8 гектар жер тилкеси да мамлекетке өткөрүлдү. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="266184,266183,266181,266180,266179"]