SerepTV Logo

УКМК: "Нарында 3 жаран тыюу салынган уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты"

УКМК: "Нарында 3 жаран тыюу салынган уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты"
Нарында “Якын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылына киргенин мойнуна алган 3 жаран жаңылыштык кылганын эл алдында моюнга алып, бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттерине мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Жумгал районунда диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, К.Ш., Э.А. жана Б.Б. өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышкан. "УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантууда",- деп айтылат маалыматта.
edita