SerepTV Logo

УКМК «Мадина» базарынын кожоюну менен Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экенин тизмектеди

УКМК «Мадина» базарынын кожоюну менен Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экенин тизмектеди
УКМК айыпталуучу Турсунтай Салимов боюнча маалымат таратты. "4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин - 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Камчы Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.  Жогорудагы адамдардын арасында жаран Турсунтай Салимов дагы бар, ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген. Ал эми Камчы Асанбектин кылмыштуу тобуна карата болсо, Турсунтай Салимов анын кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, ал “топту” (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды. Мындан тышкары, Салимов Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында “ар кандай нерселерди” (грев) берип келгени аныкталды. Алынган маалыматтарга ылайык, Турсунтай Салимов мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого жана өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды", - дешти.
  • 9-октябрда Биринчи Май райондук соту «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовду камакта калтырды. Ал 9-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакта болот. Сотко “Тез жардам” келип, аны ооруканага алып кеткен. Турсунтай Салимов аны маркум Камчы Көлбаев менен эч нерсе байланыштырбай турганын айтты. Анын айтымында, ал Көлбаевден 18 жаш улуу жана экөө кошуна болушкан. Ал ошондой эле кудасы деген маалыматты да четке каккан.