УКМК: "Маанилүү дары-дармектердин баасын арзандатуу боюнча чаралар көрүлүүдө"
Абдан маанилүү керектелүүчү дары-дармектердин жалпы баасын төмөндөтүү чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.
УКМК калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүнө жүргүзгөн талдоонун алкагында калкка керектелүүчү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана баага таасир этүүчү бир катар көйгөйлөрдүн бетин ачкан. УКМК өлкөгө дары-дармектерди импорттоо, кайра калкка ашыкча жогорулатылган баада сатуу, фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Аталган бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын колдоосу менен салык төлөөдөн качуу, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашыруу максатында жана андан ары дарыларды калкка бурмаланган баада сатуу иштери аныкталды.
Бул факты боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.