УКМК: Күйүүчү жана майлоочу майлардын контрабандалык жүк кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети күйүүчү жана майлоочу майлардын кезектеги контрабандалык жол менен чыгарылып бараткан жүктөрүнө бөгөт койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-мартында чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун «Коргончо» чек ара бөлүгүндө эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалды. Алар чек ара бөлүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) жасалма мамлекеттик номур менен Тажикстанга ташып, каттап турушкан.
“Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасалгандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн,- деп айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча бирдиктүү реестрге катталып, учурда фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="30258,30259,30260,30261"]