SerepTV Logo

УКМК коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Азиз Суракматовдун мүлкүн ачыктады. Сүрөт

УКМК коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Азиз Суракматовдун мүлкүн ачыктады. Сүрөт
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча, коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылар аныкталды. Такталган боюнча, Азиз Суракматов мэрияда жетекчи кызматтарда иштеп жаткан учурунда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз байыуу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барып, муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. Жогоруда айтылгандардан тышкары, экс-мэр мыйзамсыз алынган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо максатында, анын аффилиренген филиалдарына таандык, жана ошондой эле курулуш нормаларынан жана эрежелеринен четтеп курулган объектилерди киргизүүгө, ыйгарым укуктары менен, муниципалдык ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөөчү органдардын жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен курулуш компанияларынын өкүлдөрү тарабынан көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат алган. Бул коррупциялык схеманын натыйжасында, Суракматовдун активдери жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, болжол менен 50 миллион долларга бааланган. 26-майда коррупцияга шектелген Азиз Суракматов кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ушул кылмышты жасоого катышкан адамдарды жана алар тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="48894,48895,48896,48897,48898,48899,48900,48901,48902,48903,48904,48905,48906,48907,48908,48909,48910"]
edita