УКМК: "Коррупция фактысы боюнча «Кыргызкөмүр» жана Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери кармалды"
«Кыргызкөмүр» жана Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери жана Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалышты.
“Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери унаанын бир бирдигин тоскоолдуксуз жүктөө үчүн, 1000 сомдон ар бир айдоочудан алып турушкан. Статистикалык маалыматтарга ылайык, "Кыргызкөмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан",- деп айтылат маалыматта.
Учурда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.