УКМК: Камчы Көлбаев 250 миллион сом мыйзамсыз кирешенин ичинен 50 миллион сомду төктү
Камчы Көлбаев (Асанбек) кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырган деп айыпталып жатканын бүгүн, 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ага байланышкан кылмыш иш 250 миллион сом өлчөмүндөгү акча менен байланыштуу. Учурда Көлбаевдин туугандары тарабынан депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которулган. Мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн тергөө аяктаганга чейин — 2021-жылдын апрель айынын аягына чейин мамлекеттин казынасына кайтаруу чаралары көрүлөт», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Камчы Көлбаев Бишкек шаардык соту тарабынан кечээ, 3-март күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.