SerepTV Logo

Депутат Кубанычбек Жумалиев кандай кылмыштарга шектелүүдө? УКМКнын жообу

Депутат Кубанычбек Жумалиев кандай кылмыштарга шектелүүдө? УКМКнын жообу
УКМКнын бийликтин эң жогорку эшелонундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусу менен, Эл аралык медициналык университетине билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензия берүүдөгү туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Жумалиевдин Эл аралык медициналык университетинин чыныгы ээси экендиги, билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лобби кылуу үчүн кысым көрсөтүү жана саясий таасирин пайдалануу менен билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталган. Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетине лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине Кубанычбек Жумалиевдин таасири алдында, комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, Эл аралык медициналык университетине лицензия берилген. Мындан тышкары, Жумалиевге байланыштуу адамдары тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу мыйзамсыз баюу фактылары, ошондой эле биригишкен жактар жана ишкердик субъекттери аныкталды. “Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери жана ар кандай компаниялар, алардын катарында Жумалиевдин мурда менчиктештирүү жолу менен жеке менчикке алынган анын туугандарына жана аффилирленген адамдарга таандык "Таатан", "ГОИН" соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпаниялар аныкталды. 2021-жылдын 4-февралында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кубанычбек Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата тергөө аяктаганга чейин тергөө камак жайына камоо түрүндө баш коргоо чарасы каралды”, - деп айтылат маалыматта.
edita