SerepTV Logo

УКМК: "Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды"

УКМК: "Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды"
Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 9-июлда УКМК органдары терроризмге каршы иш-чаралардын комплексин уюштуруу учурунда, диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан чет мамлекеттердин биринин жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кармалган жаран "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террористтик уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр чатактардын аймагынан Кыргызстанга келип, адамдарды өзүнө тартып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.