УКМК: "Экс-мэр Азиз Суракматов казынага 125 миллион сом кайтарды"
Бишкектин мурунку мэри Азиз Суракматов мамлекетке 125 миллион сом кайтарган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, экс-мэр мамлекетке 150 миллион сомдук чыгым келтирген.
"Ал дагы 25 миллион сом кайтарышы керек. Эгер төлөсө аны бошотобуз", - деди төрага.
Суракматов 26-майда коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 26-июлга чейин камакта калтырылган.