SerepTV Logo

УКМК чек арадан мыйзамсыз өткөн 11 Тажик жаранын кармап, камакка алды

УКМК чек арадан мыйзамсыз өткөн 11 Тажик жаранын кармап, камакка алды
УКМК тарабынан мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажик жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылында туулуп-өскөн тургундар, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды. Бул факты боюнча 30-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Кармалган Тажик жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.