SerepTV Logo

УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Ураимовдун кармалышы боюнча үн катты

УКМК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Ураимовдун кармалышы боюнча үн катты

УКМК тарабынан бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

"Улуттук коопсуздук органдары Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде 8-февралда Кыргыз жараны Мирлан Ураимов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.