SerepTV Logo

УКМК Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин кармады

УКМК Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин кармады
Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК 17-майда жүргүзүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.