SerepTV Logo

Адам уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Алардын биринин "смотрящий" статусу бар

Адам уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Алардын биринин "смотрящий" статусу бар

ИИМдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан адам урдоого жана каракчылыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин борбор калаанын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине мыйзам бузуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып жаран кайрылган. Анда ушул жылдын июнь айынын башында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен жабырлануучуну кара унаага отургузуп, тоого алып чыгып кетишкен. Ээн жерде баш калаанын тургунун күч колдонуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) жана 170 (адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмыш структуралары тарабынан тоноо жөнүндө маалымат болгондугуна байланыштуу, ИИМдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул фактыны иликтөөгө кошулушкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары эки адам кармалган. 1983-жылы туулган жаран Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, ИИМдин маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, кылмыш чөйрөсүндөгү статусу “смотрящий”. Кармалган экинчи жаран 1983-жылы туулган, мурда соттолгон, Ысык-Көл облусунун тургуну. Соттун чечими менен кармалган эки жаранга тең камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55511,55512"]
edita