SerepTV Logo

Убактылуу кармоочу жайда отурган жигиттин асынып алганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Убактылуу кармоочу жайда отурган жигиттин асынып алганы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө
Тоң РИИБинин убактылуу кармоочу жайында 19 жаштагы айыпкер өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 29-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында болгон. "Милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда камалып турган жарандын асынып алганын байкаганда, аны жиптен түшүрүп, Тез жардам кызматын чакырышкан. Дарыгерлер баланын каза болуп калганын тастыкташкан. Учурда бул факт Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  Ошондой эле убактылуу кармоочу жайда адам өлүмү катталган факт боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүрүп жатат»-деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.  Анын айтымында, ал жигит "Зордуктоо" беренеси менен айыпталып жаткан. "Бул айыпкер ушул жылдын январь айында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 37 жаштагы аялды зордуктоого шектелип кармалган. 1-мартта Тоң райондук соту баш коргоо чарасы катары 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө амалдары бүтүп, ал 26-март күнү Каракол шаарындагы  №23  мекемеден алынып келип, сот болгон. Кийинки соттук отурум 15-апрелге жылдырылгандыктан, айыпкерди Тоң райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими кабыл алынган. Анан 29-мартта асынып алганы белгилүү болду. Азыркы учурда бардык тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат",-дейт Усубакунов.
Unknown Author