"Түртүп жиберишкенби?". Орусияда кыргызстандык кыз 6-кабаттын терезесинен кулады
Санкт-Петербургда кыргызстандык кыз 6-кабаттын терезесинен кулап кеткенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 3-сентябрга караган түнү шаардын Москва районундагы Заставская көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Журналисттер кызды 6-кабаттагы батирдин терезесинен түртүп жиберишкенин, андан кийин алар кызды унаага салып, алып кетүүгө аракет кылышканын жазышты.
"Жабырлануучу аман калган, бирок оор жаракат алган. Ал реанимацияда. Аны үч мигрант – кыргызстандык эки эркек жана бир кыз терезеден ыргытып жибергени белгилүү болду. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келген. Алар жабырлануучу дагы 21 жаштагы Кыргыз жараны экенин аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="251820,251821,251822,251823"]