Түркияда эки Кыргыз жараны опузалоого шектелүүдө
Түркияда эки Кыргыз жараны опузалоого шектелүүдө. Алар 31-майда Стамбул шаарында 4 килограмм алтын куймасын ташып бараткан кытайлык жаранды ур-токмокко алып, алтынды тоногон топтун арасында болгон деп айыпталып жатышат. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.
"Демирөрен" агенттиги шаар прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, 20-июнда алты адам кармалганын, экөө кыргызстандыктар экенин жазды. Шек саналгандардын арасында кытайлык, казакстандык жана сириялык жарандар да бар экени айтылууда. Аларга Түркиянын Жазык кодексинин 148-беренеси ("Адам опузалоо жана уурдоо") боюнча айып тагылган. Бул берене менен айыпталгандар 6 жылдан 10 жылга чейин камалышы мүмкүн.