Түптүн айылдарында жүргөн сел 100дөй үйдүн короосун каптады
Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 үйдүн короосун, жер төлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу иштешүүдө. Ошондой эле техникалык иштерди аткарууга 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 3 ХОВО, 2 АКУ, мотопомпалар тартылган. Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп, башкармалыктын башчысы менен үймө-үй кыдырып, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан турак үйлөрдүн короо-жайлары тазаланууда. Мындан сырткары, Каркыра айыл аймагынан 40, Түп РИИБден 20 райондук администрациясынан 5 адам чыкты.
Кечээ, 7-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары жогоруда аталган айылдарды каптаган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="193958,193959,193960,193961,193962"]