Түптө изделип жаткан карыянын жансыз денеси суудан табылды (сүрөт)
21-ноябрда саат 16:20 чамасында ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издей башташкан. Андан майнап чыкпаган соң, 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издешкен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="215015,215016,215017"]