SerepTV Logo

Түптө эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды

Түптө эки унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды
Түп районундагы Тогуз-Булак - Токтоян - Сары-Тологой унаа жолунун 7-чакырымында Ауди С4 менен Мицубиси Каризма үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жаракат алган. Алар: - 1996-жылы туулган И.у К; - 1996-жылы туулган К.Ж.; - 1998-жылы туулган Б.у А.; - 1991-жылы туулган Ө.у Д.; - 1984-жылы туулган А.А. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине 4 куткаруучу тартылган.