Түптө эки унаа кагышып, 2 аял киши көз жумду (сүрөт)
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алса, 2 аял киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 86-чакырымында болгон. Анда Lexus RX-350 менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, 48 жана 30 жаштагы эки аял киши көз жумду. "Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон 1973-жылы туулган аялды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="45804,45805,45806,45807"]