Түптө апасы менен кызын сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды
Жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
2-мартта саат 19:30 чамасында Түп районунун Михайловка айылында 1958-жылы туулган аялды анын 2007-жылы туулган кызы менен унаа сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Ысык-Көл облустук ЖКККБнын Түп районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну Фольксваген Гольф 3 үлгүсүндөгү унаанын 1985-жылы туулган айдоочусу кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram