SerepTV Logo

Түндө Ошто үйдөн өрт чыгып, 1 адам каза болду

Түндө Ошто үйдөн өрт чыгып, 1 адам каза болду

Бүгүн, 25-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 офицер тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр жылыткычтан чыгып, кесепетинен болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон. Аты-жөнү такталууда.
edita