SerepTV Logo

Түндө "Ош базарга" жакын аймакта 12 жаштагы кыз тонолду. Кылмышка шектүү кармалды

Түндө "Ош базарга" жакын аймакта 12 жаштагы кыз тонолду. Кылмышка шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 6-ноябрда саат 02:30 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен "телефонумду тартып кетти" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда саат 02:30 чамасында арыз ээсинин 2009-жылы туулган кызынын “Redmi Note 7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1700 сом акчасын тартып алып, качып кеткен. Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.