SerepTV Logo

Түндө Кубакы ашуусунда адам өмүрү кыйылды (сүрөт)

Түндө Кубакы ашуусунда адам өмүрү кыйылды (сүрөт)
Бүгүн, 23-декабрь күнү саат 02:58де Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Skoda Octavia үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жараат алган. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="90811,90812,90813,90814"]