SerepTV Logo

Түндө жол кырсыктан «Тазалыктын» кызматкери көз жумду

Түндө жол кырсыктан «Тазалыктын» кызматкери көз жумду
Бишкек шаарында адам өмүрү кыйылган жол кырсык болду. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги жазып чыкты. Алдын ала маалыматка караганда, бүгүн, 18-декабрга караган түнү саат 01:30 чамасында «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында Хонда унаасы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Маркумдун 1960-жылы туулгандыгы белгилүү болду. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми Хонданын айдоочусу 1972-жылы туулган жаран экени аныкталды.