SerepTV Logo

Бишкектин "Сары-Өзөн" базарында түнү өрт чыгып, 3 кафе, 8 кампа жана сулуулук салон өрттөнүп кеткен (видео)

Бишкектин "Сары-Өзөн" базарында түнү өрт чыгып, 3 кафе, 8 кампа жана сулуулук салон өрттөнүп кеткен (видео)

Кечээ, 27-июнь күнү саат 23:50 чамасында Клубный көчөсүндө жайгашкан "Сары-Өзөн" базарында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, ӨКМден өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 01:02де өрт чектөөгө алынып, саат 03:46да толук өчүрүлгөн.

"Өрттүн кесепетинен базардын аймагында жайгашкан жалпы аянты 1200 чарчы метр болгон үч кафе, 8 мөмө-жемиш сатуучу кампа жана сулуулук салону күйгөн. Жабыркагандар болгон жок. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - деп айтылат маалыматта.