Түндө Бишкектеги "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти
Бишкек шаарындагы «Бутчер» кафеси толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 9-март күнү саат 04:16 чамасында Биринчи Май районунун Фрунзе көчөсүндөгү «Бутчер» кафесинде өрт чыккан. Анын кесепетинен кафенин жыгач устундуу, шифер жабылган 150 чарчы метр чатыры, ички жасалгасы, буюмдары жана 5 муздаткычы күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.