Түндө Бишкектеги "Айла" кафесинде өрт чыкты (видео)
Бишкектеги кафелердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Койбагаров көчөсүндө жайгашкан "Айла" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 04:44тө 3 бөлүм тартылган жана саат 05:18де Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 суу ташуучу унаа тартылып, өрт саат 06:04тө чектөөгө алынды.