SerepTV Logo

Түндө Бишкек - Кара-Балта унаа жолунда 2 адамдын өмүрү кыйылды

Түндө Бишкек - Кара-Балта унаа жолунда 2 адамдын өмүрү кыйылды
Сокулук районундагы Бишкек - Кара-Балта унаа жолунда 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 24-майга караган түнү саат 01:15 чамасында аял менен эркекти унаа сүзүп кеткен. Бирөөсү унаа жолдун 28-чакырымында унаа алдында калса, экинчисин 25-чакырымда сүзгөн. Алар жолдун ортосундагы парапеттен секирип өтүп, жолдун башка бөлүгүнө өтүү учурунда унаа сүзүп, жан беришкен.