SerepTV Logo

Түндө «Ала-Тоо» аянтында массалык мушташ чыкты. 21 жаштагы жигит ооруканада

Түндө «Ала-Тоо» аянтында массалык мушташ чыкты. 21 жаштагы жигит ооруканада
«Ала-Тоо» аянтында бир нече жигит мушташты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ, 27-апрелде саат 22:44тө милицияга чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуулчулар барышкан. Ал жактан 2000-жылы туулган А.А.ны тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. А.А. баш мээсинен жаракат алган деген диагноз менен Улуттук госпиталга жеткирилген. Бул окуя КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. https://static.bulbul.kg/mp4/7/77547.b9eafc1433e40c8b63f868e3ca2b28ab.240.mp4
edita