Түндө Ак-Суу эмгек башкармалыгынын имараты өрттөнүп, жараксыз болуп калды
Ак-Суу эмгек башкармалыгынын имараты өрттөндү. Жабыркагандар жок. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 6-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында Ак-Суу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имараты өрттөндү. Өрт өз убагында өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Азыр имарат жараксыз.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="226920,226921"]