"Түн ичинде үйгө кирип..." Жалал-Абадда уурулукка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды
Жалал-Абадда уурулукка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 4 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 20-28-июнь күндөрүнүн аралыгында үйлөрүнө түн ичинде белгисиз кылмышкерлер киришип, акча жана телефондорун уурдап кетишкенин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 400 миң сомдон ашуун материалдык чыгымга учурашканын белгилешкен.
Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилген. Анын негизинде ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун 2001-жылы туулган Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.