SerepTV Logo

Түн ичинде Жалал-Абадда жер титиреди

Түн ичинде Жалал-Абадда жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 13-декабрда түнкү саат 3:32де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.