SerepTV Logo

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. Мындай чечимди жарандык активисттин баш коргоо чарасын кечээ, 15-июнда караган Ленин райондук соту кабыл алганын анын адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” билдирди. Афтандил Жоробеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.