SerepTV Logo

Туризмди өнүктүрүү фондуна кылмыш ишин Башкы прокуратура эмес, УКМК козгогону маалымдалды

Туризмди өнүктүрүү фондуна кылмыш ишин Башкы прокуратура эмес, УКМК козгогону маалымдалды

Башкы прокуратура Туризмди өнүктүрүү фондуна карата эч кандай кылмыш ишин козгогон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, 22-апрелде УКМК «коррупция» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Биринчи Май райондук сотунун 28-апрелиндеги чечими менен Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсесинде, ошондой эле Елена Калашникованын [Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти] үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Эсеп палатасына да текшерүү жүргүзүлгөнү белгилүү болду. «Азыр биз ушул маалыматты гана бере алабыз, калганы учурда тергөөнүн сыры бойдон калууда», - деди ал.