SerepTV Logo

"Тралдын айдоочусу уктап кеткен". Бишкек—Ош жолунда катталган кырсык боюнча милиция үн катты

"Тралдын айдоочусу уктап кеткен". Бишкек—Ош жолунда катталган кырсык боюнча милиция үн катты
Бүгүн, 22-июль күнү эртең менен Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тараган. Журналисттерге Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тралдын айдоочусу уктап кеткенин билдиришкен. Тралда ташып бара жаткан унаалар болгон. Каза болгондор бар экени айтылды.