SerepTV Logo

Тору-Айгырдагы жол кырсыктан 2 адам жаракат алды (видео)

Тору-Айгырдагы жол кырсыктан 2 адам жаракат алды (видео)
Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында катталган жол кырсыкта эки адам жабыркады. Бул тууралуу журналисттерге облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык саат 15:45 чамасында болгон. Dacia Sandero унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки адам - ​​1959-1964-жылы туулган жарандар жаракат алышкан. Экөө тең Бишкек шаарынын тургундары. Алар жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Ал эми кырсыктын видеосун Болот Ибрагимов Телеграм-каналына жүктөдү.