Тору-Айгыр айылында чөгүп кеткен кызды издөөгө ыктыярчылар чакырылууда
Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөөгө ыктыярчылар керек болууда. Бул тууралуу кыздын жакындары социалдык баракчага жазып чыгышты.
"18-июлда Тору-Айгыр айылында 5 адамдан турган үй-бүлө балдары менен көлдө эс алып жатышкан. 5 адамдын баарында баллон болуп көл жээкте сүзүп жүрүшкөндө капыстан катуу шамал болуп, баарын терең жакка айдап кеткен. Жергиликтүү тургундар 4 жаштагы кыздан башка баарын табышты. 3 суткадан бери кызды таба албай жатышат. Кызды издөөгө тез арада дрон, ыктыярчылар керек болууда", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 18-июль күнү ӨКМ Ысык-Көлдө 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткендигин билдирген.