SerepTV Logo

"Төрт күн кармашкан". Ысык-Көлдө зордуктоого шектүү кармалды

"Төрт күн кармашкан". Ысык-Көлдө зордуктоого шектүү кармалды
Социалдык тармактарда "2-топтогу майыптыгы бар сиңдимди эки киши уурдап барып, 4 күн бою зордуктап, ур-токмокко алыптыр" деген жарандын кайрылуусу жарыяланып жатат. Андагы маалыматтарга караганда, кылмыш Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон. "Анын мээси чайкалган, буту сынган, денесинде соо жери жок. Сиңдибизди өзүбүз таптык. Кармаганда кишилер мас абалында болгон", - деп жазылат маалыматта. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн бири кармалганын билдиришти. "Аталган факты Түп РИИБге катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну кармалып, Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган. Экинчи шектүү аныкталып, ал Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган тургуну болуп чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти.